Чет өлкөлүк адистер үчүн процедуралар жөнөкөйлөтүлөт

Чет өлкөлүк адистер үчүн процедуралар жөнөкөйлөтүлөт

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун ишке ашырууга аралашкан чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн процедураларды жөнөкөйлөтүү жарлыгына кол койду.

Документке ылайык, 2025-жылдын 6-ноябрынан 2026-жылдын 31-октябрына чейин Торугарт – Жалал-Абад участогунда иштөө үчүн Кыргызстанга келген чет өлкөлүк адистер үчүн мамлекеттик жыйымдар төлөмүнүн тартиби жана келген жери боюнча каттоого байланыштуу төлөмдөрү убактылуу жөнөкөйлөтүлөт. 

Демилге негизги инфраструктуралык долбоор, транзиттик потенциалды бекемдөөчү катары каралган  стратегиялык темир жол магистралын курууну ылдамдатууга багытталган. 

Мындан тышкары окуңуз

Алдамчылык фактысы жана үй-бүлөөлүк зомбулук менен шектелип, экс депутат кармалды

Алдамчылык фактысы жана үй-бүлөөлүк зомбулук менен шектелип, экс депутат кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы жаран Б.А.Т. алдоо жолу менен ири өлчөмдө акча каражаттарын алып, каражаттарды жеке максаттарына жумшаганы аныкталды. Буга шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды. Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул

Москвада акыркы 56 жылдан бери эң көп кар жаады

Москвада акыркы 56 жылдан бери эң көп кар жаады

Москва шаарында акыркы 56 жылдагы кардын эң көп жаашы катталды. Россиянын борборунда бир сутканын ичинде айлык жаан-чачын нормасынын 42%ы түшкөнүн "Фобос" аба ырайы борборунун адиси Евгений Тишковец билдирди. Шаарда кар катмарынын бийиктиги 39 сантиметрге жетти. Жааган кар 1976-жылдагы рекордду жаңылады— ал учурда Москвада 12,9 миллиметр жаан-чачын

Бишкектик кызга доллардан жасалган букет белек кылынды

Бишкектик кызга доллардан жасалган букет белек кылынды

Бишкекте кызга доллар купюраларынан жасалган букет белек кылынып, видео соцтармактарда кызуу талкуу жаратууда. Кызга курьер аркылуу жиберилген накталай доллар купюраларынан чогултулган өзгөчө букет белекке берилди. Оригиналдуу белек түшүрүлгөн видео социалдык тармактарда тез эле таратылып, колдонуучулар арасында кызуу талкууга айланды. Видеокадрда кыз белекти кабыл алып, сюрпризге эмоция менен жооп бергенин жана

Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Герейт-Шорон мектебинин имараты, 1956-жылы курулганына карабастан, быйыл толугу менен кайрадан салынганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады. Учурда окуучулар жаңы мектеп имаратында билим алып жатышат. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 74 млн сомду түздү. Мектеп 550 окуучуга ылайыкталган, анын