Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу 4 жылда курулуп бүтүшү ыктымал

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу 4 жылда курулуп бүтүшү ыктымал

Курулуш иштери баштапкы графиктен ылдамыраак жүрүп жаткандыктан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу эки жыл эрте курулушу мүмкүн экенин “Өзбекстан темир жолдору” компаниясынын жетекчисинин биринчи орун басары Хикматулла Рахметов билдирди. 

Буга улай ал маршруттун ишке киришинин пайдасына токтолду. “Биринчиден, бул Кытай менен Европанын  аралыгын кыскартат жана КЭР менен Борбор Азия өлкөлөрү, Кавказ ортосундагы маршрут мурдагыга салыштырмалуу  миң километрге кыскарат. Бул биздин тездик менен өнүгүп жаткан экономикабызга түздөн-түз таасир этет”,-дейт ал. 
Өзбекстан транспорт министри Илхом Махкамов бул темир жол Борбор жана Түштүк Азияны бириктирген эң кыска машрутту камсыз кыларын, а келечектүү Трансафгандык коридор Өзбекстан менен Борбор Азия мамлекеттерин Пакистан порту аркылуу Индия океанына чыгууга шарт түзөрүн жана бул мүмкүнчүлүк аймактын транзиттик потенциалын жогорулатарын билдирген. 

Анын айтымында, бул эки багыт “КЭРден Европага үзгүлтүксүз мультимодалдык маршурутту түзүү менен” Транскаспийлик транспорттук коридордун негизги бөлүгү болот.  

Эске салсак, 2024-жылдын 27-декабрында Жалал-Абадда “Кытай – Кыргызстан –  Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталган. 

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ири базарларды жаңылоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейин берилген убадаларга карабастан, "Дордой" базары азыркыга чейин заманбап соода борборуна айланбаганын сынга алды. Президент эскерткендей, ал кызматка келгенден бери контейнердик соода форматынан баш тартуу тапшырмасын койгон. Анын планы боюнча Дордой базары, Ош базары жана

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Президент  Садыр Жапаров колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, борбор облустагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын — жашылча-жемиштерди, этти, картошканы жана башка товарларды сактоо, ташуу жана сорттоо үчүн кызмат кылат. Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө алкагында бир катар эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонгон. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын тийиштүү отчетунда маалымдалган. Берилген маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде банктарга карата 1 эскертүү жөнөтүлүп, 1 жазма буйрук берилген. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган учурлар үчүн 1 айыптык

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр стратегиялык унаа жолун реконструкциялоо иштери бекитилген планга ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү. Мындан тышкары, 27,3 чакырым аралыкка жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды. Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана