Кытай автоунааларын сыртка чыгарууга 2026-жылы чектөөлөр кирет

Кытай автоунааларын сыртка чыгарууга 2026-жылы чектөөлөр кирет

КЭРдин Соода министри өлкөнүн Өнөр жай министри жана Башкы бажы башкармалыгы менен биргеликте 2026-жылдын 1-январынан тарта “колдонулган” деген түр менен чыгарылып жаткан автомобилдерди сыртка чыгарууга кошумча чектөө киргизери Кытай Соода министринин расмий сайтына жарыяланды. 

Ал чектөөлөргө ылайык, Кытайда катталгандан бери 180 күн өткөн унааларды алып чыгыш үчүн экспорттоочу бажыда өндүрүүчүдөн унаа кайсыл өлкөгө жеткирилерин жана ошол өлкөдө “сатуудан кийинки кызмат көрсөтө турган” соода борборлорунун бар экендигин көрсөткөн катты көрсөтүшү керек. Эгер бул талап аткарылбаса ага Кытайдан сыртка унаа алып чыгууга уруксат берүүчү лицензия берилбейт. 
Бул реформа жаңы унааларды экспорттоо үчүн колодонулган унаа деп каттоо системасына каршы багыталганы айтылат. Кытайдын Автомобиль дилерлери ассоциациясынын маалыматы боюнча, өткөн жылы экинчи рыноктогу автоунаалардын 13%ында катталганына 3 айга жете элек убакыт жана 50 километр гана жол жүрүүсү көрсөтүлгөн.  

Эксперттер жаңы эреженин кириши “такыр жүрбөгөн” схемасы менен иштеген чакан жана орто импортерлорго сокуу урарын айтышат. Бул баалардын 5-15%га өсүшүн жана жеткирүү мөөнөтүнүн 2-3 айга узарышына алып келет. 

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга карата 21,6 млрд киловатт-саатка чейин өсөрүн Евразия өнүктүрүү банкынын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев 19-мартта энергетикалык өтүү боюнча баяндама презентациясында билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылы фактикалык керектөө 18,3 млрд кВт·с түзгөн (2025-жылдын жыйынтыгы боюнча — 19,3 млрд кВт·с). Диаграммага

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган соода борборунун иши токтотулду

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган соода борборунун иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Манас шаарындагы курулуш объектилеринин сапаты, мыйзамдуулугу жана курулуш талаптарынын сакталышы каралды. Натыйжада Б.Аттокуров көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу соода борбору уруксат берүүчү документтерсиз мыйзамсыз

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Сузак районундагы Октябрь айылындагы Тукубай Тайгараев атындагы паркты реконструкциялоо иштерин көзөмөлгө алды. Министрликтин башчысы Нурдан Орунтаев билдиргендей, бул объект башында эле баасы жогору коюлган долбоорлордун тизмесине киргизилген. Анын айтымында, парк үчүн жабдууларды сатып алууда бааларды жогорулатуу фактылары аныкталган, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин