Нарын аэропортуна барчу жол асфальтталды
Нарын облусундагы Нарын – Оруктам жолунун 4-9+500-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан маалымдашты.
“Нарын” аэропортуна алып барган жолдун жалпы 5,5 чакырымы оңдолуп, жол эки тараптуу жасалды.
Азыркы тапта министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын № 8 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат.
Титулдук тизменин эсебинен ишке ашкан жол оңдоо жумуштары унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.