Жарандар Транспорт министрлигинин ишин эми "Түндүк" аркылуу баалай алышат
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Пикир" маалыматтык системаны ишке киргизүү демилгесине кошулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрликтин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ишмердүүлүгүн баалоо максатында атайын QR -коддор орнотулуп, иштеп баштады. Мекемеге келген ар бир жаран министрликтин ишин баалап, пикир калтыра алат.
Ал үчүн:
• телефонуңуздун камерасын кире бериште же кабылдамаларда жайгашкан QR-кодго багыттап, "Түндүк" тиркемеси аркылуу сканерлеңиз;
• шилтемеге кирип, кызмат көрсөтүүнүн сапатына баа бериңиз жана сунуш-пикириңизди калтырыңыз;
• андан соң, сиздин пикириңиз автоматтык түрдө катталып, тиешелүү адистер тарабынан каралат;
• зарыл болгон учурда чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгы сизге маалымдалат.
Маалыматтар ишенимдүү корголот жана жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык иштетилет.