Ат-Башы менен Казыбек айылдарынын ортосунда күн чырактары орнотулду

Ат-Башы менен Казыбек айылдарынын ортосунда күн чырактары орнотулду

Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Казыбек айылдарында электр энергиясын үнөмдөө максатында жаңы күн чырактары орнотулганын Нарын электр тармактар ишканасы “Кабар” агенттигине билдирген.

Бул чырактар күндүз күн нурунан кубат алып, кечинде өз алдынча иштеп, таң атканга чейин көчөлөрдү жарык кылат.  

Казыбек айылына орнотулган 200 күн чыракты кадимки электр лампалары менен алмаштырса жылына 233 миң кВт/саат электр энергиясы кетмек. Муну акчага айлантканда дээрлик 1 млн сом болот.

Ал эми күн чырактарына бир гана жолу – 2 млн 50 миң сомдун тегерегиндеги каражат жумшалып, алдыдагы 10 жылдык электр чыгымы үнөмдөлгөн. 

Мындай күн чырактарын орнотуу азыркы тапта Кочкор районунда да уланып жатканы айтылат аталган ишкананын маалыматында.

Мындан тышкары окуңуз

Кубада электр энергиясы толук өчүрүлдү

Кубада электр энергиясы толук өчүрүлдү

Кубада электр энергиясы толугу менен өчүп калганын өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Мындай акыбал АКШ аралга нефть жеткирүүнү токтоткондон кийин биринчи жолу болуп жатканын Коммерсант басылмасы маалымдады. "Улуттук электр энергетикалык системасы толугу менен өчтү. Себептери такталып жатат жана электр менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча протоколдор ишке киргизилди", — деп билдирген

Кыз-келиндер үчүн IT тармагы боюнча бекер окуу уюштурулат

Кыз-келиндер үчүн IT тармагы боюнча бекер окуу уюштурулат

IT тармагына кызыккан кыз-келиндер үчүн жаңы гранттык окуу уюштуруларын Жасалма интеллект академиясынын директору Эрхан Адаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, гранттык окуунун тандоосуна 14 жаштан 60 жашка чейинки айымдар катыша алат. “Биздин долбоор “Programmer Ayimdar” деп аталат. Долбоор IT тармагы боюнча айымдардын окушуна мүмкүнчүлүк түзөт. Биринчиден, бизге бул

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги менен BiExpo көргөзмө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Ведомстводон билдиришкендей, документке министр Бакыт Сыдыков жана компаниянын директору Виктор Линовицкий кол койду. Келишимдин алкагында 4–6-июнда Бишкек шаарында эл аралык көп тармактуу өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин

Лариса Долина батири боюнча  176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Лариса Долина батири боюнча 176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Ал мүлктүк чыгымды өндүрүп алуу боюнча доо арызын Москванын Балашиха шаардык сотуна жолдогонун соттун басма сөз кызматы билдирген. Доо арызда жоопкер катары А. Н. Цырульникова, Д. М. Леонтьева, А. И. Каменецкий жана А. Д. Основа көрсөтүлгөн. Буга чейин сот аларды өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан