Келерки жылы Ош – Өзгөн – Манас унаа жолу 4 – 6 тилке болуп оңдолот
Ош – Өзгөн – Манас унаа жолу 4 – 6 тилкеге кеңейтилерин президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев 2026-жылы аймакта аткарылчу ири жол долбоорлору боюнча маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы Ош – Бишкек унаа жолунун 100 чакырым аралыгы оңдолот. Тактап айтканда, Оштон Манас шаарына чейинки бөлүгү 4 – 6 тилкелүү болуп курулуп, Куршаб базарын айланып өткөн жаңы айланма жол салынат.
Мындан тышкары, облус аймагында төмөнкү ири долбоорлор да ишке ашырылат:
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 61 чакырым бөлүгү реконструкцияланат.
- Ноокат шаарындагы унаа тыгынын азайтуу максатында узундугу 16 чакырымды түзгөн айланма жол курулат;
- Араван – Төө-Моюн жолунун 40-чакырым тилкеси оңдолот.
- Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымы жакшыртылат.
- Дароот-Коргон – Үч-Коргон жолунун 50 чакырым бөлүгү оңдолот.