Лебединовка-ГЭС 5 жолунун бир багыттуу тилкеси асфальтталды
Лебединовка-ГЭС 5 жолунун 4,4 чакырымынын бир тараптуу тилкесине асфальт төшөлгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкен.
Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилген.
Ошондой эле долбоордо каралган тротуар куруу, жарыктандыруу жана чоң көпүрөнү оңдоо иштери да бүткөрүлөт.
Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулуп, кыйылган дарактардын ордуна жаңы бак-дарактар отургузулат.