Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлдү
Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караган № 1 Жол куруу башкармалыгы жана подряддык компания тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.