Транспорт министрлиги “Кыргызжолтрансдолбоорго” 5 JAC кызматтык автоунаасын тапшырды

Транспорт министрлиги “Кыргызжолтрансдолбоорго” 5 JAC кызматтык автоунаасын тапшырды

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликке караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" Долбоорлоо-Изилдөө Институту мамлекеттик ишканасына жаңы үлгүдөгү 5 даана JAC үлгүсүндөгү кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ведомство жетекчиси ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында алынган унаалар кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн берилип жатканын билдирди.

Жаңы транспорт каражаттары заманбап талаптарга толук жооп берип, айрыкча тоолуу жана рельефи татаал аймактарда жүргүзүлө турган жаңы жолдордун долбоорлорун даярдоодогу инженердик-изилдөө иштеринде кызматкерлердин күнүмдүк жумушун жеңилдетет.

Белгилей кетсек, ата мекендик “Tulpar Motors” заводунан чыккан унаалар буга чейин “Кыргызавтожол-Түндүк”, “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканаларына да тапшырылган. Аталган автоунаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө катышты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө өлкө башчы жылпы кыргызстандыктарды Улустун Улуу күнү менен куттуктады:    “Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ар-намысы тоодой бийик теңир тоолук агайын-туугандар! Күн менен түн теңелип, жер бетинде тиричилик жанданып, жергебизге жалпыбыз күткөн жаз келди. Ата-бабаларыбыздан калган улуу көчтү

Маркасы жок балдар тамак-ашынын калдыктарын 1-майга чейин сатып түгөтүү керек

Маркасы жок балдар тамак-ашынын калдыктарын 1-майга чейин сатып түгөтүү керек

Салык кызматы балдардын тамагы катары катталган алкоголсуз суусундуктарга 2026-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү түрдө акциз салыгы салынып, акциздик маркалар менен маркаланышы керектигин эскерткен. Бул талап КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы токтому менен киргизилген жана мамлекеттик каттоодон балдар тамак-ашы катары өткөн, ошондой эле ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына кирген алкоголсуз суусундуктарга тиешелүү.

Бишкекте жылуулук кийинки жумада өчүрүлүшү мүмкүн — мэрия

Бишкекте жылуулук кийинки жумада өчүрүлүшү мүмкүн — мэрия

Бишкек шаарында жылуулук берүү кийинки жумада эле токтотулушу мүмкүн экенин мэрия билдирди. Эске салсак, эгер абанын орточо суткалык температурасы +8 градустан жогору болуп, кеминде беш күн катары менен сакталса, адатта шаар бийлиги жылытуу мезгилин аяктоо тууралуу чечим кабыл алат. Аба ырайынын божомолу боюнча, борбор калаада жакынкы жети күн ичинде туруктуу

АКШ Иран мунайына коюлган санкцияларды бир айга алды

АКШ Иран мунайына коюлган санкцияларды бир айга алды

АКШнын Каржы министрлиги Иран мунайына карата санкцияларды бир айлык мөөнөткө алып салганы ведомство чыгарган башкы лицензияда айтылган. Маалыматка ылайык, Америка Кошмо Штаттары 30 күнгө — 19-апрелге чейин — 20-мартка карата жүктөлүп, жолдо болгон Иран мунайы жана мунай продуктыларын сатып алуу жана сатууга коюлган чектөөлөрдү убактылуу жокко чыгарды. АКШнын Каржы министри Скотт Бессенттин