Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө катышты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө өлкө башчы жылпы кыргызстандыктарды Улустун Улуу күнү менен куттуктады:  

 “Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ар-намысы тоодой бийик теңир тоолук агайын-туугандар! ​Күн менен түн теңелип, жер бетинде тиричилик жанданып, жергебизге жалпыбыз күткөн жаз келди. Ата-бабаларыбыздан калган улуу көчтү улай, изги тилектердин, жаңылануунун, эмгектин, ынтымак менен биримдиктин жарчысы, адамзаттын маданий мурасы – Нооруз майрамын маданий жөрөлгө катары эли-журтубуз менен эсенчиликте, тынччылыкта белгилеп жатканыбызга кубанычтамын.
Айтылуу акын Арстанбек атабыз: “Кабарың күнгө жетсе да, жылдызга колуң жетсе да, эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң”, - деп таамай айткандай, биз Нооруз жана Эгемендик майрамдарын аймактардагы элибиз менен бирге майрамдоо максатында ар жылы, ар башка облустарда белгилөөнү салтка айлантканбыз.
Быйыл Нооруз майрамын кыргыз элинде касиеттүү тоолордун бири саналган айтылуу Ала-Мышык тоосунун этегинде, Орто Азиянын күрөө тамыры болгон Нарын дайра сынын жээгинде, Нарын шаарында белгилеп жатабыз.
Бүгүн мен калайык калкыма, жумурай журтума – мүлдө кыргыз элине тынччылык, молчулук, токчулук, ыйман-ырыскы, ынтымак тилеп,абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекендештеримди, ошондой эле чет элдик элчилерди, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!
Нооруз майрамыңыздар менен, кымбаттуу кыргызстандыктар!”

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media