Бишкекте эмнеге машруттар өзгөртүлдү жана айдоочулар неге жетизсиз? Мэрия жооп берди

Бишкекте эмнеге машруттар өзгөртүлдү жана айдоочулар неге жетизсиз? Мэрия жооп берди

Бишкектеги көптөгөн автобустар маршруту өзгөрдү, айрым маршруттар таптакыр жок болгонун "Ынтымак" фракциясынын депутаты Казыбек Эргешов Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.

Ал автобустардын жетишсиздигине, маршруттук өзгөртүүлөрдүн киргизилишине эмне себеп болгонуна кызыкты.

Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаевдин айтымында, учурда борбордо 67 маршрут иштейт. Беш автопаркта 1467 автобус бар. Мындан тышкары, ЕРӨБ программасы аркылуу алынган 95 жаңы автобус Бишкекке жеткирилген, алар учурда бажыдан өткөрүлүп жатат.

Ал белгилегендей, ири сыйымдуулуктагы 11 маршрут иштеп жатат, ошондой эле "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясынын автобустары да кызмат көрсөтүп жатат. Ошондой эле муниципалдык ишкана административдик-аймактык реформа алкагында Бишкекке кошулган айылдарга каттаган 8 маршруттагы микроавтобустарды тейлейт. Мисалы, №200 маршрут Тоолуу Маевка айылынан каттайт. Баары кадимки режимде иштеп жатат, маалыматты "Мой город" тиркемесинен онлайн көрүүгө болот.

Буга улай ал ААР алкагында Бишкекке кошулган айрым айылдардын кээ бир көчөлөрү азырынча маршрут менен камтылбаганын, мэрия бул багытта иш жүргүзүп, узундугу 7–8 метр автобустарды сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.

Депутат Эргешовдун айтымында, маршрут схемалары негизинен жүргүнчү көп жерлерде жакшы иштелген, бирок оорукана, поликлиника, мектептер жайгашкан аймактар жетиштүү камтылган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып