Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкектеги автобекеттин курулушун 2026-жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалып жатканын кечээ "Азаттыкка" билдирди. 

Ал учурда курулуш-монтаждоонун негизги бөлүгү аткарылып, чатырды жабуу 80%га, жылытуу, желдетүү, суу менен камсыздоо, канализация жана электр жабдууларын орнотуу 50%га жакын аткарылганын билдирди.

"Аймакта жер алдындагы суу чыккандыгына байланыштуу дренаж системасын куруу иштери кошумча убакытты жана олуттуу күч-аракетти талап кылды. Натыйжада заманбап, ишенимдүү жана узак мөөнөткө эсептелген дренаж системасы курулду", - дейт суроолорго жооп берип жатып К.Туманбаев.

Буга улай ал автобекетке кирүүчү жолдор 20%га бүтүп, жарыктандыруу, жашылдандыруу жана чакан архитектуралык формаларды орнотуу жакынкы мезгилде башталарын билдирген.

Эске салсак, автобекеттин курулуш иштери быйыл 14-январда расмий түрдө башталып, мэр Айбек Жунушалиев Батыш автобекети болжол менен ушул жылдын күз айларында ишке берилерин айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып