Кар жаап жаткан аймактарда жол тейлөө кызматтары күнү-түнү иштөдө

Кар жаап жаткан аймактарда жол тейлөө кызматтары күнү-түнү иштөдө

Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-декабрь саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында каттам бар. Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Азыркы тапта кар жаап жатат, жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жол ачык, чектөө жок. Ошондой эле, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Жарандар үчүн альтернативдүү каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. ӨКМ маалыматына ылайык, кече издөөгө жалпы 55 адам тартылып, издөө иштеринин биринчи күнү 10 койдун, ал эми экинчи күнү 20 баш койдун тарпы табылган. Белгилей кетсек, 12-февралда Суусамырдагы

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Баймурза Маатов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, Малик Бектурганов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык КРнын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Маатов Баймурза Турдахунович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Малик Бектурганов Башкы

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырышкан белгисиз үч жаран Ош шаарындагы укалоо салондордун бирине келип, салон ээсине кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн, тинтүү иштерин жүргүзүшүп, салон ээсине орой мамиле жасашкан. ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүлөр салон ээсинен 32 000 сом накталай акча алышып, кошумча акча талап кылышкан. Кийинчерээк, шектүүлөрдүн бири өзүн “Марсель”

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып