Президент МинКаб отчетторун кароодо жана бюджетти бекитүүдөгү "соодалашууну" сынга алды

Президент МинКаб отчетторун кароодо жана  бюджетти бекитүүдөгү "соодалашууну" сынга алды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусунда министрлер кабинетинин отчетторун кароодо жана республикалык бюджетти бекитүүдөгү "соодалашуу" (торг) практикасын катуу айыптады.

"Айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат: “Менин айылымдагы бир километр жолду асфальттап бергиле, болбосо отчетко каршы добуш берем”, — дешет. Натыйжада чындап эле болгону бир километр жол гана асфальтталат", — деди мамлекет башчысы.

Президент мындай иш-аракеттерге толугу менен тыюу салынганын айтып, анын экономикалык жактан натыйжасыз экенин баса белгиледи: "Өзүңөр ойлонуп көргүлө: бир эле километр жол үчүн канча техника тартылат, инерттик материалдар менен асфальт канча алыстан ташылат. Натыйжада бир километр жолдун курулуш наркы 2–3 эсеге чейин кымбаттайт", — деди ал.

Садыр Жапаровдун айтымында, акылга сыярлык ыкма — жолдорду дароо кеминде 10 чакырымдан, ал эми зарыл учурда 100 чакырымга чейин бирдиктүү тилке катары куруу. Бул асфальт жана бетон заводдорун жолго жакын жайгаштырууга, жергиликтүү карьерлерди ачууга жана бюджеттик каражаттарды олуттуу үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

"Кымбат баадагы бир километрдин ордуна биз толук кандуу жол тилкелерин курабыз. Келечекте ар бир айылга чейин асфальт жол жеткиребиз», — деп убада берди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди. "Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп. Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды.