Каракол-Эңилчек автожолунун айрым тилкеси убактылуу жабылды

Каракол-Эңилчек автожолунун айрым тилкеси убактылуу жабылды

19-декабрдан 22-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол-Эңилчек автожолунун 45-90-чакырымдар аралыгы, тактап айтканда Чоң-Ашуу ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Малымтка ылайык, чектөө Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде, кар көчкү түшүү коркунучу жана жолдун тайгак болуп муз тоңушу күтүлүп жаткандыгына байланыштуу, жол коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды тоолуу аймактарда жана ашуулар аркылуу каттаганда жол эрежелерин так сактоого, аба ырайынын шартын эске алууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мигранттардын финансылык сабаттуулугу тууралуу китептин бет ачары болду

Бишкекте мигранттардын финансылык сабаттуулугу тууралуу китептин бет ачары болду

Эл аралык мигранттар күнүнө карата Улуттук банк жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) менен биргеликте эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгени сунушташты. ЭМУнун изилдөөлөрүнө ылайык, акча которуулар мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн 41%ы үчүн негизги киреше булагы болуп саналат. "Оор

Түркиядан Кыргызстанга мыйзамсыз киргизиле турган алтын буюмдар кармалды

Түркиядан Кыргызстанга мыйзамсыз киргизиле турган алтын буюмдар кармалды

Өзбекстандын 15, Кыргызстандын 10 жаранынан турган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Ош облусунда аталган кылмыштуу топко көмөк көрсөтүп келген Мамлекеттик бажы кызматынын 2 кызматкери, ошондой эле УКИКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Түркиядан Кыргызстанга кымбат баалуу медициналык дары-дармектерди жана зер буюмдарды контрабандалык

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

Бүгүн КРын Акыйкатчы институтуна кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын расмий түрдө Акыйкатчы институтуна тапшырды. Аталган автоунаалар өлкөнүн 6 облусундагы Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлөт. Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева бул автоунаалар борбордук аппараттын жана аймактык өкүлчүлүктөрдүн ишмердүүлүгүн

Англия Өзбекстандын 4, Кыргызстандын 1 компанияларын антироссиялык санкциялар тизмесине кошту

Англия Өзбекстандын 4, Кыргызстандын 1 компанияларын антироссиялык санкциялар тизмесине кошту

Улуу Британия антироссиялык санкциялар тизмесин жаңылап, ага Өзбекстандан төрт компанияны жана Кыргызстандагы бир компанияны кошту. Бул ишканалар Россия менен экономикалык кызматташтык кылган деп шектелүүдө. Ушуга байланыштуу Лондон 18-декабрдан тартып аларга каршы активдерди тоңдурууга кошумча каржылык чектөөлөрдү киргизери Улуу Британиянын Казына министрлигинин документтеринде айтылат. Өзбекстанда катталган жана санкциялык тизмеге киргизилген компаниялар: