Аба ырайына байланыштуу айрым ашууларда чектөөлөр сакталууда

Аба ырайына байланыштуу айрым ашууларда чектөөлөр сакталууда

Бүгүн, 22-декабрь саат 09:30га карата өлкөнүн көпчүлүк ашууларында жол ачык. Бирок айрым унаа жолдорунда аба ырайына жана кар көчкү коркунучуна байланыштуу убактылуу чектөөлөр сакталууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө бүгүн, 22-декабрь саат 08:40та алынды.

Ошол эле учурда, Каракол-Эӊилчек унаа жолунун 38–112-чакырымдар аралыгында 19-декабрдан 22-декабрга чейин бардык унаалар үчүн убактылуу чектөө күчүндө калууда. Чечим кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу кабыл алынган. Мындан тышкары, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык.

Учурда өлкө аймагында кар жаап, жолдорду тазалоо жана кум-туз аралашмасын чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды кышкы дөңгөлөктөрдү колдонууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Исмаилов радио эфиринде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдер көбүнчө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийин үч жылга чейин узартылышы мүмкүн. Адистин түшүндүрүүсүндө, комиссия

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

Президенттин тапшырмасы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарынын айлык акысы көтөрүлгөнүн Бишкекте маалымат жыйында министрликтин орун басары Азамат Мамбетoв билдирди. Суучулдарга 20 000 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленди. Мурда алар болжол менен 30 000 сом алышса, эми айлык акысы 50–60 000 сом болот. Мамбетoвдун айтымында, бул чек эмес — күзгө чейин