Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир тараптуу жол кыймылы уюштуруларын билдирет.

Маалыматка ылайык, белгиленген өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы бардык зарыл болгон жол белгилерин орнотот.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти шаар тургундарын жана конокторун өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жолдо этият болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Саламаттык сактоо тармагына 23 миңге жакын адис жетишпейт

Саламаттык сактоо тармагына 23 миңге жакын адис жетишпейт

Саламаттык сактоо тармагында 6,5 миң дарыгер жана 8,5 миң медайым жетишпей жатканын Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов билдирди. Мындан тышкары, 3,5 миң медайым жана болжол менен 2 миң техникалык кызматкер тартыш экени

Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын оператору UZCARD AWARD 2025 сыйлыгын алды

Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын оператору UZCARD AWARD 2025 сыйлыгын алды

Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын оператору Банктар аралык процессинг борбору («Элкарт») UZCARD AWARD 2025 сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи Ташкент шаарында өттү. Бул тууралуу Банктар аралык процессинг борборунун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, сыйлык UZCARD AWARD 2025 тармактык форумунун алкагында тапшырылып, ага банктардын, финтех-компаниялардын жана төлөм сервис-провайдерлердин 300дөн ашык өкүлү

Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары канча өлчөмдө жөлөкпул ала алышат?

Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары канча өлчөмдө жөлөкпул ала алышат?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жаңы жөлөкпулу боюнча окутуу өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, бул жөлөкпул бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, өзгөчө чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана

Орок, Сарбан, Кашка-Баш, Жал айылындагы мораторий киргизилген жерлерге компенсация төлөнөт

Орок, Сарбан, Кашка-Баш, Жал айылындагы мораторий киргизилген жерлерге компенсация төлөнөт

Бишкектин бир катар калктуу конуштарынын тургундары өздөрүнө таандык айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин тагдырына тынчсызданып жатышканын депутат Жаныбек Абиров ЖК комитеттеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан шартта жогорку зонадагы — Орок, Сарбан, Кашка-Баш, Жал аймактарында жашаган 1,5 миңге жакын тургун мораторий салынган жер тилкелеринин келечеги кандай болоруна