Токтогул районунда Нарын дарыясына 210 метрлик көпүрө курулат

Токтогул районунда Нарын дарыясына 210 метрлик көпүрө курулат

Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитети Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда алмашуу ноталарынын долбоорун, ошондой эле МинКаб менен JICAнын ортосундагы "Транскаспий эл аралык транспорт коридору менен байланыштуулукту жакшыртуу максатында Бишкек–Ош автожолунда Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоорун жактырды.

Транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиевдин айтымында, долбоордун алкагында Нарын дарыясы аркылуу узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрө куруу каралган. Бул Бишкек — Ош автожолунда транспорттук байланыштарды абдан жакшыртып, унаалардын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылат.

Анын маалыматына караганда, көпүрө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Бишкек–Ош автожолунун 315-чакырымында курулат.
Ошондой эле Япония өкмөтү 3 млрд 190 млн иенге чейинки өлчөмдө грант бөлүп берери белгилүү болду. Бул сумма 20,4 млн долларды түзөт.

Долбоор ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан республикалык бюджеттен 113,2 миң доллар өлчөмүндө кошкаржылоону карайт.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Ош шаарындагы А. Суюмбаев атындагы борбордук стадиондун курулуш иштери боюнча видео кайрылуу түшкөн. Анын негизинде 6-февралда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы объектте текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Текшерүү учурунда трибуналардагы негизги темир-бетон конструкцияларында конструктивдик бузулуулар жана кооптуу

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан 2024-жылы виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча Казакстандан 8,5 эсе, ал эми Өзбекстандан 19 эсе алдыга чыкты. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (ВАРКА) билдирди. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айлык отчетунда Кыргызстандын виртуалдык активдер боюнча жылдык жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду (20

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор барып, өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты. Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатканаларга, машыккан жайларга коюлган

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” объектисин мэриянын балансына кайтаруу иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда билдирди. Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү