Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” объектисин мэриянын балансына кайтаруу иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда билдирди.

Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.

Маалыматка ылайык, аталган “Турбаза” учурда Профсоюз комитетинин карамагында турат. Дээрлик 40 жыл аралыгында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн, имарат эскирип, кароосуз калган абалда.

Алдыда объект муниципалдык баланска өткөрүлүп, толук жаңылангандан кийин шаар тургундары үчүн муниципалдык санаторий катары кызмат көрсөтөт. Бул Ош шаарынын калкы үчүн социалдык багыттагы маанилүү объекттердин бири болмокчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды