Жол тейлөө кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
Министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан өлкө аймагындагы автомобиль жолдорунда күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жана кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн тилкелерди толук көзөмөлгө алып, жолдорду ачык кармоо боюнча иш алып барышууда. Атап айтканда, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун Арал–Казарман тилкесинде, Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун Түз-Бел ашуусунда, Кочкор–Арал–Төө-Ашуу, Суусамыр–Талас–Тараз, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка, Красная-Горка–Ак-Таш жана Сары-Булак–Соң-Көл жолдорунда кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштери аткарылууда.
Учурда аталган жолдордо каттамдар бар, жолдор ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, каршы тилкеге чыкпоого, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.