Логвиненко менен Малдыбаев көчөлөрү туташтырылышы ыктымал
Бишкек шаарынын тургуну жаңы Башкы план долбоору боюнча коомдук угууларда Логвиненко көчөсүн кеңейтүү жана Ашхабад көчөсүндөгү курулуштарды бузуу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын билдирди.
Анын айтымында, мындай учурда Ашхабад көчөсүндө жашаган 50гө жакын үй-бүлө турак жайсыз калышы мүмкүн. "Медеров көчөсүнө 10 көчө чыгып турат, алардын бирөө да жасалган эмес. Эмне үчүн сөз дал Ашхабад көчөсүндөгү үйлөрдү бузуу жөнүндө болуп жатат?" — деп сурады ал.
Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров Логвиненко көчөсүн Малдыбаев көчөсү менен туташтыруу сунушталып жатканын, бирок Ашхабад көчөсүндөгү курулуштарды бузуу маселеси каралбай турганын билдирди.