"Тулпар" картасы менен Ташкентте жол кире төлөнө баштайт

"Тулпар" картасы менен Ташкентте жол кире төлөнө баштайт

Бишкек шаарындагы коомдук транспортто накталай эмес төлөмдөрдү ишке ашырган "Тулпар" долбоорун Ташкент (Өзбекстан) шаарындагы өнөктөштөр менен интеграциялоо иши акыркы баскычка жетти. Бул тууралуу бүгүн өткөн басма сөз жыйынында "Тулпар" долбоорунун операциялык ишмердүүлүк боюнча директору Бекжан Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, интеграцияны 2026-жылы толук аяктоо пландалууда.

"Андан кийин “Тулпар” карталарынын колдонуучулары Ташкент шаарындагы коомдук транспортто жол кирени төлөй алышат, ошондой эле Ташкенттин тургундары өз карталары менен Бишкекте жол акысын төлөй алышат", — деди Бекжан Акматбеков.

Ал ошондой эле "Тулпар" долбоору Кыргызстандагы камтуу аймагын кеңейтүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

"Учурда бир нече шаарлар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер орток пикирге келе алсак, кийинки жылы Балыкчы, Нарын, Кара-Балта шаарларында ишке ашырууну башташыбыз мүмкүн", — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары окуңуз

Москва районунда 579 сомдук  мыйзамсыз күйүүчү май аныкталды

Москва районунда 579 сомдук мыйзамсыз күйүүчү май аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Чүй облусунун Москва районунда бензинди мыйзамсыз сатуу фактысын аныктаганы мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Садовое айылындагы май куюучу жайлардын биринде күйүүчү май милдеттүү молекулярдык маркерлерсиз сатылып жатканы аныкталган. "Мыйзам бузуу атайын анализатордун жардамы менен аныкталды, ал күйүүчү майдын курамында маркер жок экенин

Өлкөдө эскирген аялдамалар жаңыртылат

Өлкөдө эскирген аялдамалар жаңыртылат

Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар этап-этабы менен жаңыланарын транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, көптөгөн аялдамалар эскирип бүткөн, ал тургай айрымдары Союз мезгилинде курулган бойдон турат. "Конструкциялары эскирип, жарандарга коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албайт. Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды этап-этабы

Россияда банкрот болгондордун саны өсүшү мүмкүн

Россияда банкрот болгондордун саны өсүшү мүмкүн

Россияда 2026-жылы жеке адамдардын банкротко учурашы көбөйүшү мүмкүн. Мындай божомолду экономика илимдеринин кандидаты, Инго Банктын аналитика боюнча директору Василий Кутьин «Газете.Ru» басылмасына билдирген. Серепчинин айтымында, банкроттуктун өсүшүнө бир нече фактор таасир этүүдө. "Алардын катарына калктын карыз жүгүнүн жогорулашы, айрым жарандардын алган насыяларын төлөй албай калышы жана ипотекалык турак

Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 18-мартындагы жыйынында депутат Болотбек Борбиев Токтогул суу сактагычында кытай синтетикалык балык уулоочу торлордун салынышы, ошондой эле суу сактагычтагы балыктарды көбөйтүү маселеси көтөргөн. Бул боюнча Балык өнөр жайы комплекси департаменти жооп берди. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №636 “Айрым суу сактагычтарда киреше табуу үчүн, массалык түрдө балык кармоого мораторий