Алматы шаарында курьердик жеткирүүнү дрондор аткара баштайт

Алматы шаарында курьердик жеткирүүнү дрондор аткара баштайт

Казакстандын Алматы шаарында курьердик жеткирүү үчүн дрондор колдонулат. Пилоттук долбоор кийинки жылдын январь айынан тартып ишке киргизилерин Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги.

Тиешелүү ниет жөнүндө меморандумга министрликтин жетекчиси жана Freedom Lifestyle компаниясы кол коюшкан.

Пилоттук долбоорду ишке киргизүү 2026-жылдын январь–март айларына пландалган. Дрондор салмагы 10 килограммга чейин болгон жүктөрдү (азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана дары-дармектер) шаардын жогорку жана орто бөлүгүндө жайгашкан эки пункттан үч чакырымга чейинки аралыкта жеткиришет.
Учуу күндүзгү убакта жана аба ырайы ыңгайлуу болгондо гана жүргүзүлөт. Маршруттар негизинен парктардын үстү менен түзүлүп, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоого багытталган.

Дрондор интернет жок болгон учурда да учууну уланта алышат, коопсуздук үчүн парашюттар менен жабдылган. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда базасына автоматтык түрдө кайтуу же коопсуз конуу функциялары каралган.

Дрон аркылуу жеткирүү үчүн операторлорду даярдоо иштери 2025-жылдын кышында башталган. Ошол эле маалда технология лабораториялык шартта сыноодон өткөрүлө баштаган.

Мындан тышкары окуңуз

Москва районунда 579 сомдук  мыйзамсыз күйүүчү май аныкталды

Москва районунда 579 сомдук мыйзамсыз күйүүчү май аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Чүй облусунун Москва районунда бензинди мыйзамсыз сатуу фактысын аныктаганы мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Садовое айылындагы май куюучу жайлардын биринде күйүүчү май милдеттүү молекулярдык маркерлерсиз сатылып жатканы аныкталган. "Мыйзам бузуу атайын анализатордун жардамы менен аныкталды, ал күйүүчү майдын курамында маркер жок экенин

Өлкөдө эскирген аялдамалар жаңыртылат

Өлкөдө эскирген аялдамалар жаңыртылат

Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар этап-этабы менен жаңыланарын транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, көптөгөн аялдамалар эскирип бүткөн, ал тургай айрымдары Союз мезгилинде курулган бойдон турат. "Конструкциялары эскирип, жарандарга коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албайт. Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды этап-этабы

Россияда банкрот болгондордун саны өсүшү мүмкүн

Россияда банкрот болгондордун саны өсүшү мүмкүн

Россияда 2026-жылы жеке адамдардын банкротко учурашы көбөйүшү мүмкүн. Мындай божомолду экономика илимдеринин кандидаты, Инго Банктын аналитика боюнча директору Василий Кутьин «Газете.Ru» басылмасына билдирген. Серепчинин айтымында, банкроттуктун өсүшүнө бир нече фактор таасир этүүдө. "Алардын катарына калктын карыз жүгүнүн жогорулашы, айрым жарандардын алган насыяларын төлөй албай калышы жана ипотекалык турак

Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Суу сактагычтардагы балыктарды көбөйтүү кандай жүрүп жатат?

Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 18-мартындагы жыйынында депутат Болотбек Борбиев Токтогул суу сактагычында кытай синтетикалык балык уулоочу торлордун салынышы, ошондой эле суу сактагычтагы балыктарды көбөйтүү маселеси көтөргөн. Бул боюнча Балык өнөр жайы комплекси департаменти жооп берди. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №636 “Айрым суу сактагычтарда киреше табуу үчүн, массалык түрдө балык кармоого мораторий