“Автобустарды креативдүү кооздоо” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
“Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасы жаңы жылдык майрамдарга карата уюштурулган “Автобустарды креативдүү кооздоо” сынагынын жыйынтыгын чыгарганын "Кабар" агенттиги жарыялады.
Тандоонун жыйынтыгы менен төмөнкүлөр жеңүүчү аталды:
I орун - 8-автоколоннанын №153 маршрутунун айдоочусу Мусаев Жыргалбек жана 6-автоколоннанын №15 маршрутунун айдоочусу Замирбек уулу Майрамбек;
II орун - 3-автоколоннанын №42 маршрутунун айдоочусу Атантаев Нурлан;
III орун - 3-автоколоннанын №226 маршрутунун айдоочусу Жаңыбаев Мелисбек.
Жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. “Бишкек шаардык транспорту” ишканасынан мындай демилгелер дагы улантыларын белгилешип, бул калаа тургундарына кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана шаар чөйрөсүн ыңгайлуу кылууга салым кошорун билдиришти.