Казакстан 2036-жылга чейин ири учактарды ЕАЭБге бажы салыгысыз киргизүүнү сунуштады

Казакстан 2036-жылга чейин ири учактарды ЕАЭБге бажы салыгысыз киргизүүнү сунуштады

Казакстан ЕАЭБде жүргүнчү учактарын бажысыз киргизүү мөөнөтүн 2036-жылга чейин узартууну сунуштаганы Евразия экономикалык комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Эске салсак, мындай бажысыз киргизүү 2031-жылдын аягында аяктайт. Бажы өлчөмү бажылык баанын 7,5%дан 12,5%га чейин болот.

ЕЭКтин билдирүүсү боюнча, жеңилдикти узартуу тууралуу сунуш авиакомпанияларга заманбап жана коопсуз аба кемелерин сатып алуу үчүн жакшы шарттарды түзүү жана маршруттук тармакты өнүктүрүү максатында берилген.

Бул жерде сөз бажылык эки Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы (ТН ВЭД) коддору менен квалификацияланган учактар тууралуу болуп жатат:

  • 8802 40 003 5 – жүгү жок турганда салмагы 20 тоннадан ашык, бирок 90 тоннадан ашпаган, кенен фюзеляждуу, эки өткөөл жолдуу, узак аралыкка учуучу жүргүнчү учактары;
  • 8802 40 003 6 – башка учактар, жүгү жок турганда салмагы 20 тоннадан ашык, бирок 90 тоннадан ашпаган.

20-90 тоннадагы салмакка бардык заманбап узун корпустуу жана орто узундуктагы учактар кирет, анын ичинде Airbus A320 family жана Boeing 737 MAX сыяктуу моделдер.

Бирок, көпчүлүк кең фюзеляждуу учактардын салмагы 90 тоннадан ашып кетет (мисалы, Airbus A330-300, Airbus A380, Boeing 777-300ER, Boeing 787-9 Dreamliner ж.б.).

Мындан тышкары окуңуз

Кепилдик фонд автоунаа жана ипотека боюнча 30% баштапкы взносту жаба алат

Кепилдик фонд автоунаа жана ипотека боюнча 30% баштапкы взносту жаба алат

Кепилдик фонд жарандарга ипотекалык жана автокредиттер боюнча баштапкы төлөм жетишпеген учурда кепилдик берерин фонд башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, буга чейин фонд негизинен ишкерлер менен иштечү, бирок кийинчерээк турак жай сатып алган жарандарды да колдоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Абакиров белгилегендей, ипотекалык насыя алууда банктар адатта

Студенттерди түндүк-түштүк боюнча ротациялоо пландалууда – С.Жапаров

Студенттерди түндүк-түштүк боюнча ротациялоо пландалууда – С.Жапаров

Кыргызстанда студенттерди түндүк жана түштүк аймактары боюнча ротациялоо системасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, депутаттарга кайрылуу жасады. Ал жогорку билим берүү системасына да ротация принциптерин киргизүү пландары бар экенин белгиледи. Президенттин

Кыргызстанда фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча эл аралык миссия өтүүдө

Кыргызстанда фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча эл аралык миссия өтүүдө

10-12-март күндөрү Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) тарабынан эл аралык эксперттердин миссиясы өтүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Анын максаты — өлкөнүн фармацевтика тармагын модернизациялоого жана дары каражаттарын өндүрүүдө тийиштүү өндүрүш практикасынын (GMP) эл аралык стандарттарын киргизүүгө колдоо көрсөтүү. Бул миссия КРнын Министрлер Кабинети

Жаш ата-энелер үчүн окуу программалары боюнча жобо бекитилди

Жаш ата-энелер үчүн окуу программалары боюнча жобо бекитилди

Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү тартибин жөнгө салган жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Документ Кыргыз Республикасынын "Жаштар жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, үй-бүлө институтун чыңдоого, жоопкерчиликтүү ата-энеликти калыптандырууга