Ашууларда жол кыймылына чектөө жок

Ашууларда жол кыймылына чектөө жок

Бүгүнкү күнгө карата республиканын негизги ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө киргизилген жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк болуп, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, ошондой эле Каракол–Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда жол ачык.

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында да жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда каттам бар.

Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер күн сайын жүргүзүлүүдө.

Айдоочуларга кышкы жол шарттарын эске алып, унааларды кышка ылайык даярдоо, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Эми улуттук төлөм карт “Элкарт” ээлери Өзбекстанда соода кылып, накталай акчаларын чыгара алышат. Ал эми Өзбекстандын улуттук төлөм системасы HUMOнун карт ээлери ушундай эле мүмкүнчүлүтөрүн Кыргызстанда колдоно алышат. Мындай билдирүүнү “Элкарт” улуттук төлөм системасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Билдирүүгө караганда, валюта алмаштырып же эл аралык карталарды колдонбой эле койсо болот.

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Коомчулук тарабынан айтылган сунуш-пикирлер же кандайдыр маалыматтар тараса өлкө жетекчилигине маалымат иретинде жеткирилип турат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, Фейсбукта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов ипотекалык үйлөрдүн курулушу боюнча сунушунун билдирген. Анда ал ипотекалык батирлердин 1 кв/м элге 300 АКШ долларынан

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу сафлордон алынган жымыхты малдарга тоют катары колдонуу менен айыл чарба тармагында кошумча баалуулук жаратууну максат кылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Сокулук райондук мамлекеттик өнүктүрүү фонду тарабынан аталган чарбага керектүү жабдыктар алынып берилди. Учурда чакан цех сафлор айдоону өздөштүрүп,

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

2025-жылдын 1-октябрына карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 75,4 млрд долларга жеткенин өлкөнүн Борбордук банкы билдиргенин "Кабар" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, жылдын тогуз айында мамлекеттик тышкы карыз 10%га, ал эми ишканалардын тышкы карызы дээрлик 27%га көбөйгөн. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн тышкы карызы жалпы 11,3