Бишкекте Ч.Айтматов проспектинин түштүк бөлүгү ачылды
Бишкектеги Чынгыз Айтматов атындагы проспектинин түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А.Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки участок жер алдындагы өтмөктөрдү куруу иштерине байланыштуу жабылган. Курулуш иштери 1-январда башталып, 12-январда аяктады.
Муниципалитет аймакта төрт өтмөк жана аялдамалар куруларын белгиледи.