ИИМ жол-кайгуул кызматында планшеттеги жаңы тиркеме иштей баштады

ИИМ жол-кайгуул кызматында планшеттеги жаңы тиркеме иштей баштады

"Кызмат" мамлекеттик мекемеси ИИМ кызматкерлеринин жаңы планшеттерине орнотулган мобилдик тиркемени иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Планшеттер жол-кайгуул кызматкерлеринин ишинде колдонулууда. Тиркеме айдоочулар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматтарды, анын ичинде издөөдө болуу жана айып пулдар боюнча маалыматтарды ыкчам текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Санариптик чечимдер кызматтын натыйжалуулугун жогорулатып, жол коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан Манас шаарынан Багыш айылына чейинки автожолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол мурдагы темир жолдун ордуна салынууда. Учурда курулуш иштеринин алкагында эски темир жол конструкциялары алынууда. Ошондой эле жолдун негизин даярдоо жана

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы саткан өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы акыркы күндөрү төмөндөй баштаганы байкалууда. Мындан 10 күн мурда, 9-мартта Улуттук банктын алтын куймасынын 100 гр - 1 491 831 сом турса, бүгүн 19 мартта - 1 417 234 сомдон сатылып жатат. Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Парламенттер аралык бирлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан парламенттеги аялдардын үлүшү боюнча дүйнөлүк лидер деп табылган. Төрага белгилегендей, парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,1 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына шилтеме берүү менен билдирди. Ошол эле учурда экспорт 20,3%га кыскарып, импорт 6,1%га көбөйдү. Жалпы