Сосновка, Кара-Көл көзөмөл-өткөрүү пункттарында былтыр 300 млн 266 миң сом чогулган

Сосновка, Кара-Көл көзөмөл-өткөрүү пункттарында былтыр 300 млн 266 миң  сом чогулган

Сосновка менен Кара-Көл көзөмөл-өткөрүү пункттарында QR-код төлөм системасы аркылуу 2025-жылы жалпы 300 млн 266 миң сом жыйым чогулганын  Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,48%га көп.

Буга чейин калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында көзөмөл-өткөрүү пункттарын накталай эмес төлөмгө өткөрүү тапшырмасы коюлган. Натыйжада, айдоочулар үчүн накталай төлөм жүргүзүү токтотулган.

Учурда жарандар заманбап жана ыңгайлуу болгон QR-код же электрондук капчыктар аркылуу төлөм жүргүзүп жатышат. 

Мындан тышкары, Сосновка жана Кара-Көл контролдоо пунктарында транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу максатында жол тилкелери кеңейтилген.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суудагы Савай айылында ирригация маселеси быйыл толук чечилет

Кара-Суудагы Савай айылында ирригация маселеси быйыл толук чечилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кеңешме-жыйынында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл аймагындагы ирригация маселеси толугу менен чечилери белгиленди. Бул тууралуу министрдин орун басары, Суу ресурстары башкармалыгынын башчысы Алмаз Жээналиев билдирди. Анын айтымында, Савай айылындагы коллектор-дренаж тармагын калыбына келтирүү боюнча иштер Эл аралык кызматташтык

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жаңы технологиялык ыкма менен курулуп жаткан курулушту жеринде көрдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын негизги каркасы заводдо даярдалган 24 ири темир-бетон блоктон туруп, болгону 4 иш күнүндө (фундаменттик иштерди эсепке албаганда) монтаждалган. Ошондой эле индустриалдык модулдук система сейсмикалык талаптарга толук

Бишкекте  100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

Бишкекте 100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

4-мартта Бишкек шаарында Жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана токтотуу үчүн акысы төлөнбөгөн автоунааларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддер борбор калаанын бардык райондорунда жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам бузуу менен токтотулган 100дөн ашык автоунаа айып короого эвакуацияланды. Бишкек РИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылы өлкө боюнча жеке медициналык чөйрөдө кеңири текшерүү жүргүзүлгөнүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында министрликтин облустардагы координаторлоруна тиешелүү тапшырмалар берилген. Жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор, стоматологиялар, элдик