Кыргызстанда В, С категориясын алууну каалагандар 10, 12 ай окушат
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүү, автомектептерде окуунун жаңы тартиби бекитилгенин Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди.
Анын айтымында, быйыл жарандар мамлекеттик автомектептерде окуп башташат. Бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт.
В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. Ал эми С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.

Программада жолдо жүрүү эрежелеринин теориясы, машинени коопсуз айдоонун негизги жоболору, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам көрсөтүү, автоунаа башкаруунун психологиялык-физиологиялык негиздери, айдоочунун этикасы жана практикалык айдоо киргизилген.
Теориялык экзаменди жасалма интеллект алат. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлдү. Окуунун баасы тууралуу кийинки жумада толук маалымат берилет.