Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам жол тейлөө иштери күчөтүлдү
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу бардык жол тейлөө ишканалары өлкө аймагындагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо жана ашууларда кышкы тейлөө иштерин күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү тынымсыз жүргүзүп жатышат.
"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиргендей, аталган иштер негизинен Бишкек–Ош, Бишкек–Нарын–Торугарт, Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолдорунда, ошондой эле Боом капчыгайында, Суусамыр өрөөнүндө жана башка тоолуу тилкелерде аткарылууда. Жолдор кардан тазаланып, тайгактыкка каршы материалдар себилүүдө.
Кышкы жол шарттарын эске алуу менен айдоочуларга унааларды алдын ала даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо сунушталат.