"Манас" аэропортуна баруучу кошумча жол долбоору иштелип жатат

"Манас" аэропортуна баруучу кошумча жол долбоору иштелип жатат

Кечээ МинКаб өкүлдөрү Бишкек шаарынын четиндеги "Манас" аба майданына чейин кошумча жол куруу долбоорун талкуулашты. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 чакырым болорун билдирди.

"Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен башталчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган. Алдыда изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрөт. Мындан сырткары Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым болгон эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда",-деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Билдирүүдө долбоордун баасы, каржы булагы, качан башталып, качан аяктары тууралуу айтылган эмес. Буга чейин Манас аэропортуна чейинки жолдун абалы, тыгын өңдүү маселелер маал-маалы менен көтөрүлүп келген.

Мындан тышкары окуңуз

Профсоюз көчөсүндө мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо уланууда

Профсоюз көчөсүндө мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо уланууда

Бишкек шаарында Профсоюз көчөсүнүн уландысын куруу долбоорунун алкагында жол курууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы көчөнүн эки тарабында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди аныктап, алып салуу иштерин улантууда. Акыркы бир жума ичинде төмөнкү объектилер демонтаждалды: * капиталдык тосмолор — 58

Кыргызстандагы эки коммерциялык банкка айып пул салынды

Кыргызстандагы эки коммерциялык банкка айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки коммерциялык банкка Улуттук банк тарабынан атайын чара колдонулду. Улуттук банк тараткан расмий маалыматка караганда, ар бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бирок, маселе кайсыл коммерциялык банк жана кандай мыйзам талаптарын

Россияда бензиндин биржалык баалары кескин жогорулады

Россияда бензиндин биржалык баалары кескин жогорулады

Бензиндин баасы Санкт-Петербург товардык биржасында жыл башынан берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Lenta.ru маалымдады. 16-марттагы соода жыйынтыгында аталган биржада бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баалары жыл башынан берки рекорддук деңгээлди жаңылады. * Аи-92 бензини 2,02%га кымбаттап, тоннасы 66 514 рублга жетти; * Аи-95 бензини 1,63%га өсүп, 70

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев маданият мекемелерине автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүштөн алынган 117 кызматтык унаа тапшырылды. Бул максатка 176,9 млн сом бөлүнгөн. Өкмөт башчы өз сөзүндө маданият тармагын каржылоо акыркы жылдары туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылы тармактын бюджети 2,8