"Тез жардам" медицна борборуна дагы 40 унаа сатылып алынат
Быйыл жаңы 40 тез жардам унаасы келерин “Кабар” агенттигине берген маегинде Тез жардам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.
Анын айтымында, унаа каражаттары эки этап менен жеткирилет.
“Быйыл министрлик 40 жаңы тез жардам унаасын алып бергени турат. Бул унаалар келсе, ишибиз жеңилдейт деп турабыз.
Мэрия бизге Маевка жана Жал айылдарынан имарат бөлгөн, аларда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек. Унаа жетишпегендиктен ал бөлүмдөр ачыла элек. Көк-Жарда мэрия Үй-бүлөлүк медицина борборун жана станция куруп берди. Ал жакта беш бригада болот. Келе турган жаңы унаалардын 18и ушул станцияларга бөлүнөт”, - деди ал.