Бишкек-Талас дотацияланган каттамынын билети 2100 сомго арзандады
"Асман аба жолдору" компаниясы Бишкек - Талас каттамын жандантып, баа арзандатылганын билдирди. Маалыматта 4-январдан бери бул каттам боюнча жумасына эки ирет: дүйшөмбү жана жума күндөрү Бишкек-Талас-Бишкек багыты боюнча дотацияланган каттамдар аткарылып жатканы айтылат.
Билет баасы 2100 сом, мурдагы баасы 3100 сомго чейин болчу. Компания билеттерди "Асман Эйрлайнс" тиркемеси аркылуу сатып алуу ашыкча төлөөдөн жана башка кошумча түйшүктөрдөн жеңилдетерин эскертти.
Буга чейин "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын алдындагы "Асман аба жолдору" авиакомпаниясы сатып алган Dash 8-400 үлгүсүндөгү үчүнчү учак Бишкекке жеткирилгени жана ички каттамдарга чыга баштары айтылган.