Бишкектин түндүк айланма жолунун айрым тилкелери убактылуу ачылды

Бишкектин түндүк айланма жолунун айрым тилкелери убактылуу ачылды

Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунда жүрүп жаткан курулуш иштерин жеринен текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү жана жол тыгындарын азайтуу максатында Алма-Ата–Бишкек–Ташкент унаа жолунун 230–236-чакырымдар аралыгында жайгашкан эки деңгээлдүү үч жол түйүнү убактылуу пайдаланууга берилди. Асфальт төшөө иштери жаз мезгилинде улантылат.

Учурда алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун жүргүзүп жаткан подряддык компания тарабынан кышкы курулуш нормалары сакталуу менен калган тилкелерде жумуштар аткарылууда.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Абсаттар Сыргабаев курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген графикке ылайык аткарылышына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. 2026-жылы аталган жолдун 15 чакырымы, анын ичинде Алма-Ата–Бишкек–Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланып бүтөт деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бонецкий лабораториясы жеңилдиктерди эмнеге 40%га түшүрдү?

Бонецкий лабораториясы жеңилдиктерди эмнеге 40%га түшүрдү?

Депутат Жылдыз Курманалиева "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында Бонецкий лабораториясында оор абалдагы бейтаптар үчүн берилүүчү жеңилдиктер эмне үчүн 50%дан 40%га чейин төмөндөп кеткенине кызыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева учурда лаборатория 40%дык арзандатуу берип жатканын жана ал дагы деле

Сузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга соттолду

Сузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга соттолду

Сузак районунда алимент төлөөдөн узак убакыт бою баш тартып келген жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Сузак райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө А.Л.А. аттуу жарандан бир баланы багуу үчүн алимент өндүрүү боюнча иш каралып келген. Бирок карызкор жаран алимент төлөө милдетин аткарбай,

Сокулук райондук прокуратурасынын жаңы  имараты ачылды

Сокулук райондук прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Башкы прокурор Максат Асаналиев Сокулук райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратын ачты. Ачылыш аземине жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, прокуратура кызматкерлери жана ардагерлер катышты. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, иш-чарада сөз сүйлөгөн Башкы прокурор жаңы имараттын пайдаланууга берилиши прокуратура органдарынын ишин сапаттуу уюштурууга жана жарандардын кайрылууларын ыкчам кароого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ошондой эле

Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөр текшерилүүдө

Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөр текшерилүүдө

Коомдук транспортто тартипти сактоо жана жүргүнчүлөрдүн коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында Бишкек шаарында рейд жүрүп жатат. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт. Бишкек шаардык транспорт муниципиалдык ишканасынан билдиришкендей, автобуста накталай төлөм жүргүзүп, сөзсүз талонду алуу шартталат. Эгерде талон албаса,