Бонецкий лабораториясы жеңилдиктерди эмнеге 40%га түшүрдү?

Бонецкий лабораториясы жеңилдиктерди эмнеге 40%га түшүрдү?

Депутат Жылдыз Курманалиева "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында Бонецкий лабораториясында оор абалдагы бейтаптар үчүн берилүүчү жеңилдиктер эмне үчүн 50%дан 40%га чейин төмөндөп кеткенине кызыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева учурда лаборатория 40%дык арзандатуу берип жатканын жана ал дагы деле күчүндө экенин айтты. 50%дан төмөндөшүнө реагенттердин кымбатташы себеп болгон.

"Азыркы учурда биз лаборатория менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, оор абалда жаткан бейтаптар үчүн жеңилдикти кайрадан 50%га чейин калыбына келтирүүнү пландап жатабыз", - деп белгиледи Ибраева.

Мындан тышкары окуңуз

Сын-Таш айылында 64 млн сомдук спорттук комплекс курулду

Сын-Таш айылында 64 млн сомдук спорттук комплекс курулду

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында заманбап спорттук комплекс пайдаланууга берилди. Объект республикалык казынадан каржыланып, анын курулушуна 64 миллион сом жумшалды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, спорттук комплекс эки кабаттуу "А" жана "Б" блоктордон турат. Имараттын жалпы аянты

20 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

20 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген  бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.  Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын

Ысык-Атада быйыл 21,5 миң гектарга дан эгиндери айдалган

Ысык-Атада быйыл 21,5 миң гектарга дан эгиндери айдалган

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү башталды. Райондук администрациянын маалыматына ылайык, Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бек Жекшембаев жана район акими Алмазбек Рахманкулов Кочкорбаев айыл аймагында жүрүп жаткан оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Быйыл район боюнча жалпы 21 миң 575 гектар аянтка

Бишкектеги турак жайлар көрктөндүрүлүүдө

Бишкектеги турак жайлар көрктөндүрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясы Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында турак жайларды жаңылоо жана көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштер улантылып жатат. Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына, техникалык регламенттерине жана бекитилген долбоордук чечимдерге шайкеш жүргүзүлүүдө. Ар бир объект боюнча алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,