Былтыр Россиядагы жаңы унаалардын 49,8%ы Кыргызстан аркылуу кирген
2025-жылы Россиядагы ар бир экинчи Toyota унаасы Кыргызстан аркылуу импорттолгонyн "Автостат" агенттигинин директору Сергей Целиков өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Унаа импорту 2024-жылга салыштырмалуу 12%га өскөн. Жаңы унаалардын басымдуу бөлүгү Кытайда чогултулган болсо, колдонулган унаалар негизинен Япониядан келген.
Бир жыл ичинде Россия рыногуна жалпысынан 127,8 миң Toyota унаасы жеткирилген. Анын ичинен төрттөн бири — 30,3 миңи жаңы унаалар болуп, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 40%га жогорулаган. Калган 97,5 миң унаа колдонулган болуп, алардын көлөмү жылдык эсеп менен 6%га өскөн. Жалпысынан унаа импорту 2024-жылга салыштырмалуу 12%га көбөйгөн.
Жаңы унаалардын 80%дан ашыгы Кытайдан келген. Ал эми колдонулган унаалардын болгону 13,3%ы Кытайда чогултулган болсо, 83,5%ы Япониядан чыккан.
Жаңы унаалардын дээрлик жарымы — 49,8%ы Кыргызстан аркылуу импорттолгон. Ошол эле учурда унаалардын 33,8%ы Кытайдан түз жеткирилген. Аз сандагы унаалар Япониядан, ошондой эле Беларусь жана Грузия сыяктуу өлкөлөр аркылуу келген.