Дастан Бекешев такси кызматын лицензиялоо 10 миңдеген айдоочуларды ишсиз калтырарын билдирди

Дастан Бекешев такси кызматын лицензиялоо 10 миңдеген айдоочуларды ишсиз калтырарын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 1-февралдан тартып такси кызматын лицензиялоо он миңдеген айдоочуларды жумушсуз калтырышы мүмкүн экенин жана такси бааларынын өсүшүнө алып келерин айтып, өкмөттү мөөнөттөрдү жылдырууга чакырды.

Депутаттын айтымында, эгерде өкмөт талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизбесе, көптөгөн жарандар такси ишмердүүлүгү менен алектене албай калышат, натыйжада рыноктогу сунуш кескин кыскарат.

Бекешев мунун фонунда жол киренин баасы өсүшү мүмкүн экенин белгиледи: "Андай болсо такси 200–300 сом эмес, 700–800 сом болуп калат", — деди ал.

Ошондой эле депутат учурдагы лицензиялоо шарттары айрым айдоочулар үчүн, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуктарды жаратып жатканын билдирди. Мисал катары ал кулагы укпаган жарандарды атап, анын айтымында, документтерди тапшыруу учурунда "ЛОР дарыгерлер кандайдыр бир себептер менен мөөр баспай коюшат", бирок ошол эле учурда бул адамдар "унаа айдай алышат, айдап келишкен жана айдоочулук күбөлүк алышкан".

Депутат кошумчалагандай, лицензиялоо талаптарына соттолгон жарандар да илиниши мүмкүн. Алардын катарына саясий беренелер боюнча же этиятсыздык менен жасалган кылмыштар үчүн соттолгондор да кирет. Анын айтымында, көптөр үчүн такси айдоо — киреше табуунун жалгыз жолу болуп саналат, анын ичинде насыясы бар жарандар жана Россиядан кайтып келген мигранттар үчүн да.

Бекешев лицензия берүүнүн мөөнөтү рыноктун чыныгы көлөмүнө туура келбей жатканын да белгиледи. Анын айтымында, учурда болжол менен 7 миңдей адам гана лицензия алган, ал эми таксисттердин жалпы саны 60–70 миңге жетет. "Такси айдоочуларынын саны болжол менен 10 эсеге азаят", — деди депутат.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.