Февралдын ортосунан баштап мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана иштейт

Февралдын ортосунан баштап мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана иштейт

Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо жана айдоочулук күбөлүк берүү системасы толугу менен реформаланат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы билдирүүсүндө айтты.

Анын айтымында, акыркы жылдары жол кырсыктары көбөйүп, адам өлүмү арткан. Бул көрүнүш айдоочуларды даярдоодо көп жылдар бою көз жумуп келген системанын натыйжасы болуп саналат. Айрым жеке автомектептерде айдоочулук күбөлүктөр сатылып келгенин да ачык моюнга алуу керектигин белгиледи.

"Айдоочулук — бул жөн гана рул кармоо эмес, бул чоң жоопкерчилик. Биз рулга отурганда өз өмүрүбүз үчүн гана эмес, жолдогу ар бир адам үчүн жооп беребиз", — деди ал.

Каныбек Туманбаев жеке автомектептердин айрым өкүлдөрү лицензиялары алынганына нааразы болуп жатканын, бирок реформалар тууралуу аларга алдын ала эскертилгенин билдирди. Анын айтымында, бардык автомектептер "Ынтымак Ордого" чакырылып, өзгөрүүлөр боюнча аларга так маалымат берилген.

Мамлекет бул реформаларды кимдир бирөөгө каршы эмес, адам өмүрүн сактоо максатында жүргүзүп жатканын белгиледи. Татыктуу жана тажрыйбалуу автомектептердин мугалимдери мамлекеттик окутуу системасына тартылары айтылды.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын февраль айынын ортосунан тартып, жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык иштеген, мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана курсанттарды окутууга укуктуу болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан банктарынын минималдык уставдык капиталы 3 млрд сомго жеткирилет

Кыргызстан банктарынын минималдык уставдык капиталы 3 млрд сомго жеткирилет

Улуттук банк башкармалыгы коммерциялык банктар үчүн уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмдөрүн белгиледи. Тийиштүү чечим Улуттук банк башкармалыгынын 2025-жылдын 29-декабрындагы токтому менен бекитилди. Документке ылайык, жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн, анын ичинде чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын капиталына болгон талаптарды кошкондо, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 3 млрд сомдон кем эмес

Тоголок Молдо айылында фермер төөлөрдүн санын көбөйтүп жатат

Тоголок Молдо айылында фермер төөлөрдүн санын көбөйтүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын тургуну Бото Күрөңкеев төө багуу менен алектенип жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. "Анын атасы 1980-жылдардан тартып төө багуу менен алектенип келген, бүгүнкү күндө бул ишти анын уулу Бото Күрөңкеев улантууда. Төө багуу — эмгекти көп талап

Былтыр Кыргызстандын эл аралык резерви 8,6 млрд долларга жеткен

Былтыр Кыргызстандын эл аралык резерви 8,6 млрд долларга жеткен

Бүгүн КРнын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу басма сөз жыйыны уюштурулуп, анын жүрүшүндө КРУБ төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн валюта рыногундагы абалы тууралуу кеңири маалымат берди. Козубековдун айтымында, валюта рыногундагы абал туруктуу бойдон сакталып турат. Ал эми алмашуу курсу рыноктук шарттарды эске алуу менен  ийкемдүүлүгүн көрсөтүүдө. “2026-жылдын башына бери

Куланак ГЭСинин курулуш каржылана баштайт

Куланак ГЭСинин курулуш каржылана баштайт

Кечээ Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Нарын аймагындагы Куланак гидроэлектростанциясынын курулушун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Куланак гидроэлектростанциясы Нарын дарыясынын жээгиндеги Куланак айылында жайгашкан. Анын орнотулган кубаттуулугу 100 МВт, жылдык өндүрүшү 435 млн кВт/саат, бул өлкөнүн энергетикалык тартыштыгын 11%га кыскартат. Долбоор төмөнкүлөрдү камсыз кылат: * Кыргызстандын аймактык электр энергиясы рыногундагы позициясын