Такси айдоочулары МинКабдан лицензиялоо тартибин жөнөкөйлөтүүнү суранышты

Такси айдоочулары МинКабдан лицензиялоо тартибин жөнөкөйлөтүүнү суранышты
Photo by Frank Weichkopf / Unsplash

Такси кызматында иштеген айдоочулар КРнын Министрлер Кабинетине кайрылып, жүргүнчү ташууларды лицензиялоо тартибин кайра кароону сунушташты. Алардын айтымында, учурдагы айрым талаптар жол коопсуздугуна түз таасир этпейт, бирок лицензия алуу жана узартуу процессин татаалдаштырууда.

Айдоочулар көтөргөн негизги сунуштардын бири — салык боюнча карызы жок экендиги тууралуу маалымкат тапшыруу талабынан баш тартуу. Алар киреше салыгы жана социалдык төгүмдөр буга чейин эле төлөнүп жатканын белгилешип, кошумча маалымкат техникалык каталардан жана кезек күтүүдөн улам лицензия алуу процессин негизсиз создуктуруп жатканын айтышты.

Дагы бир сунуш медициналык документтерге байланыштуу. Айдоочулардын айтымында, айдоочулук күбөлүктү алуу учурунда медициналык кароодон өтүү милдеттүү болуп саналат. Ошондуктан лицензияны узартууда медициналык маалымкатты кайрадан тапшыруу жол коопсуздугу боюнча кошумча натыйжа бербейт.

Үчүнчү сунуш лицензияны узартуу тартибине тиешелүү. Айдоочулар лицензияны узартууда документтердин толук топтомун кайра тапшыруунун ордуна, жөн гана билдирүү берүү жетиштүү болушу керек деп эсептешет. Бул айдоочуларга да, мамлекеттик органдарга да ашыкча түйшүктү азайтмак.

Короче
Крик души таксистов Бишкека Прислал подписчик. Подписывайтесь на @koroche_kg и присылайте контент — @korochekg

Такси тармагында иштеген Economist.kg сайтынын окурманынын айтымында, бул иш процесси жөнгө салуу куралына караганда бюрократиялык сыноого көбүрөөк окшош.

"Мен лицензияга каршы эмесмин, анткени коопсуздук маанилүү. Бирок азыр бизден мамлекеттин өзүндө эле бар болгон маалымкаттар менен текшерүүлөрдү кайра-кайра талап кылып жатышат. Ошонун айынан биз иштебей эле кезекте турууга көбүрөөк убакыт коротуудабыз. Эгер лицензияны узартуу тартиби жөнөкөйлөтүлсө, бул айдоочулар үчүн да, жүргүнчүлөр үчүн да пайдалуу болмок".
Такси кызматын милдеттүү түрдө лицензиялоо 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылды. Айдоочулар бул аралыкта бийлик өкүлдөрү эрежелерди жөн гана мөөнөтүн жылдыруу менен чектелбестен, аларды кайра карап чыгып, иш жүзүндө ыңгайлуу кылат деп үмүттөнүшүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Кыргызстандын эл аралык резерви 8,6 млрд долларга жеткен

Былтыр Кыргызстандын эл аралык резерви 8,6 млрд долларга жеткен

2025-жылы эл аралык резервдердин көлөмү 69,1%га өсүп, рекорддук көрсөткүчкө — 8,6 млрд долларга жеткенин Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйында билдирди. Буга улай ал 2026-жылдын башынан бери Улуттук банк 134,5 млн доллар өлчөмүндө бир интервенция өткөргөнүн кошумчалады. Ошондой эле ал 2025-жылы интервенциялардын жалпы көлөмү

Куланак ГЭСинин курулуш каржылана баштайт

Куланак ГЭСинин курулуш каржылана баштайт

Кечээ Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Нарын аймагындагы Куланак гидроэлектростанциясынын курулушун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Куланак гидроэлектростанциясы Нарын дарыясынын жээгиндеги Куланак айылында жайгашкан. Анын орнотулган кубаттуулугу 100 МВт, жылдык өндүрүшү 435 млн кВт/саат, бул өлкөнүн энергетикалык тартыштыгын 11%га кыскартат. Долбоор төмөнкүлөрдү камсыз кылат: * Кыргызстандын аймактык электр энергиясы рыногундагы позициясын

Кыргызстанда 2025-жылы банктардын насыя портфели 506 млрд сомду түздү

Кыргызстанда 2025-жылы банктардын насыя портфели 506 млрд сомду түздү

Кыргызстанда банктардын насыя портфели 2025-жылдын аягына карата 506 млрд сомду түзгөнүн Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, 2025-жылы насыя портфелинин өсүшү 48,8%пайызды түзгөн. "Биздин өлкөдө насыя берүү кыйла жогору темп менен өсүүдө", - деп билдирди Козубеков. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы

Мамлекеттик жөлөк пул берүүнүн жаңы тартиптери талкууга коюлду

Мамлекеттик жөлөк пул берүүнүн жаңы тартиптери талкууга коюлду

Үй-бүлөлөргө социалдык колдоону кеңейтүүгө жана жөлөкпулдарды дайындоодо мүлктүк тоскоолдуктарды жоюуга багытталган "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтеги негизги сунуштардын бири — бийик тоолуу райондордо жашаган, үчүнчү же андан кийинки баласы 2026-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн жана азыркы учурда 3 жашка чыга элек үй-бүлөлөргө