Айдоочулукка окутуу баасы 19 миң сом болот
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасын жазды.
"Буга чейин иштеп келген айрым жеке автомектептердин өкүлдөрү интернет аркылуу каршылык көрсөтүп, так эмес маалыматтарды таратып, журналисттерди сүйлөтүп жатышты эле. Менин оюмча, президенттин бүгүнкү маеги ошол бардык талаш-тартыштарга чекит койду.
Дагы бир маанилүү жагдайды тактап кетейин. Ошол эле каршылык кампаниясын уюштуруп жаткандар “айдоочулукка окутуунун баасы 100 миң сом имиш, 200 миң сом болот экен” деген ушактарды таратып келишти. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт.
Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен", - деди ал.