Бишкек-Раззаков авиакаттамынын билети мындан ары 4800 сом болот
Бишкек – Раззаков багыты боюнча авиакаттамдар мурдагыдай эле жумасына алты жолу аткарылат. Эми билеттин баасы бирдиктүү деңгээлде — 4 800 сом болуп белгиленди.
Буга чейин билет 3 600 сомдон 5 100 сомго чейин өзгөрүп турган.
Бирдиктүү тариф каттамдарды аймактын тургундары жана бизнеси үчүн алдын ала пландоого ыңгайлуу жана түшүнүктүү кылат. Билеттерди Asman Airlines колдонмосу аркылуу тез жана оңой сатып алууга болот — дароо ырастоо менен жана кошумча төлөмдөрсүз.