Кыргызстан, Грузия ортосунда түз авиакаттам ачылышы ыктымал

Кыргызстан, Грузия ортосунда түз авиакаттам ачылышы ыктымал

Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү, түз аба каттамдарын ачуу, туристтик тармакта кызматташтыкты жолго коюу, ошондой эле транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. 

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча зарыл болгон мындан аркы чараларды көрүүгө макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК депутаттары Курулуш министрлигинин ишин иликтөө комиссиясын түзөт

ЖК депутаттары Курулуш министрлигинин ишин иликтөө комиссиясын түзөт

Курулуш тармагындагы көйгөйлөр жана Курулуш министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча депутаттар тарабынан айтылган билдирүүлөрдөн кийин, Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин кезексиз жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Министрликтин ишин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады. Кийинчерээк аталган комиссиянын курамына депутаттар Кубанычбек Самаков, Акылбек Түмөнбаев жана Кубанычек Конгантиев киргени белгилүү болду. Бирок комиссиянын акыркы

Транзакцияга салыкты 0,1%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Транзакцияга салыкты 0,1%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Мамлекеттик салык кызматы банк секторунун жана Кыргызстан банктарынын бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Салык кызматынан билдиришкендей, жолугушууда салык мыйзамдарына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөр, анын ичинде "Транзакцияга салык" атайын салык режими жана 2025-жылдын 31-декабрындагы Мыйзамга ылайык, бул салыктын ставкасын 0,2%дан 0,1%га чейин төмөндөтүү маселеси талкууланды.

Уюлдук телефон уурдагандар кармалды

Уюлдук телефон уурдагандар кармалды

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаадагы базарларда жасалган чөнтөк уурулуктардын сериясына тиешеси бар шектүүлөрдү кармашты. Териштирүүгө 2025-жылдын 28-декабрында жаран А.А.нын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылуусу себеп болгон. Анын айтымында, Аламүдүн базарында белгисиз адамдар анын жашы жете элек кызынын курткасынын чөнтөгүнөн iPhone 12 Pro Max

Жергиликтүү сотторго 5 судья дайындалды

Жергиликтүү сотторго 5 судья дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна бир катар судьялар биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматына билдиришти. Дайындоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушуна ылайык ишке ашырылды. Жергиликтүү соттордун судьялары болуп