Былтыр Кыргызстанда автоунаа өндүрүшү эки эсеге өстү
2025-жылы Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүнүн көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу учрдагы баалар менен эсептегенде эки эсеге өскөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын талдоонун негизинде белгилүү болду.
Өткөн жылы Кыргызстанда автоунаалар азыркы баалар менен жалпы 5 млрд 9,3 млн сомго же 57,3 млн долларга өндүрүлгөн.
Анын ичинен декабрь айында гана автоунаа өндүрүшүнүн көлөмү 406,5 млн сомду же 4,6 млн долларды түзгөн.
Эске салсак, 2024-жылдын 18-июлунда Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында "Тулпар Моторс" автоунаа заводу расмий түрдө ишке берилген. Редакцияга билдиришкендей, аталган ишканада 11–12 үлгүдөгү автоунааларды чыгаруу пландалууда.
Мындан тышкары, өткөн жылы Кыргызстанда Shacman маркасындагы жүк ташуучу автоунааларды өндүрүү да жолго коюлган.