Транспорт министрлиги департаментке 30 кызматтык унаа тапшырды
Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине жаңы үлгүдөгү 30 кызматтык унааны тапшырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министрдин маалыматына ылайык, автоунаалар Турукташтыруу фондунун эсебинен алынган жана кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында берилди.
Абсаттар Сыргабаев кызматкерлерди жаңы техниканы этият пайдаланууга жана кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.
Белгилей кетсек, ата мекендик “Tulpar Motors” заводунан чыккан автоунаалар буга чейин “Кыргызавтожол-Түндүк”, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызжолтрансдолбоор" Долбоорлоо-изилдөө институтуна да тапшырылган.


