Унаанын айнегин караңгылатуу баасы арзандады
МинКаб транспорттук каражаттардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн жыйымдардын баасын убактылуу төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, жыйымдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленди:
- 350 эсептик көрсөткүч (35 миң сом) — жеке жактар үчүн;
- 550 эсептик көрсөткүч (55 миң сом) — юридикалык жактар үчүн;
- 750 эсептик көрсөткүч (75 миң сом) — резидент эместер (чет өлкөлүктөр) үчүн.
Бул чечим унаа ээлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү жана уруксат кагаздарын жол-жоболоштурууда каржылык жүктү азайтуу максатында кабыл алынганы белгиленди.