Такси кызматын лицензиялоо мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылды
ИИМ такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алганын ведомстводон билдиришти.
2025-жылдын 12-сентябрынан тартып жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо башталган.
Кийинчерээк, 2025-жылдын 3-декабрында министрлер кабинетинин токтому менен лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылган.
Учурда өлкө аймактарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө лицензия берүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 8 миңге жакын жаран жана 300дөн ашуун юридикалык жак лицензия алган.
Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен, ИИМ такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартты.