Барскоон-Бедел жолуна 3 жылда 53,4 млрд сом жумшалат

Барскоон-Бедел жолуна 3 жылда 53,4 млрд сом жумшалат

2026-жылга жана 2027–2028-жылдардагы пландуу мезгилге карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар жана капиталдык салымдарды каржылоонун булактары (5-берене) бекитилген.

Документке ылайык, 2026-жылга капиталдык салымдар үчүн 27,68 млрд сом каралган. Анын ичинен 17,68 млрд сом Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Бедел унаа жолун курууга багытталат.

Дагы 10 млрд сом 2026-жылга бекитилген тизмеге ылайык социалдык-экономикалык объектилерди, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын, унаа жолдорун, улуттук коопсуздук, коомдук тартип, куралдуу күчтөр объектилерин жана стратегиялык маанидеги объектилерди долбоорлоону аяктоого же улантууга, курууга, капиталдык оңдоого жана реконструкциялоого артыкчылык берүү менен бөлүнөт.

Каржылоонун булактарынын катарында мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруудан түшкөн каражаттар да көрсөтүлгөн. Бул облигациялар коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге жайгаштырылат.
2027–2028-жылдарга карата капиталдык салымдардын пландалган көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 27,86 млрд сом жана 27,9 млрд сом деп белгиленген. Ошол эле учурда Барскоон – Бедел унаа жолун курууга 2027-жылы 17,86 млрд сом, 2028-жылы 17,9 млрд сом каралган.

Мыйзамда ошондой эле стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттарды каржылоо өзүнчө бекитилген. 2026, 2027 жана 2028-жылдардын ар биринде 1,5 млрд сомдон бөлүү каралып, артыкчылык республикалык бюджеттен дотация алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.