Бишкекте бардык унаа токтотуучу жайларга QR-код аркылуу төлөө орнотулат

Бишкекте бардык унаа токтотуучу жайларга QR-код аркылуу төлөө орнотулат

Бишкек шаарында 3 миң 221 унаа токтотуучу орун (машино-орун) бар экенин "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында "Шаардык жол-транспорттук инфраструктура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакай Асылбек уулу билдирди.

Буга чейин шаардык кеңештин депутаты Элнура Дүйшекеева борбор калаада канча муниципалдык унаа токтотуучу жай бар экенин сураган.

Муниципалдык ишкананын жетекчисинин айтымында, учурда унаа токтотуучу жайлар үчүн QR-код аркылуу төлөө боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Бул чара унаа токтотуучу жайларда иштеген акча жыйноочуларды жоюу максатын көздөйт.

"Азыр Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки аймакта QR-код аркылуу төлөө системасы киргизилди. Эгер мурда пландуу түрдө 50 миң сом түшсө, азыр 250 миң сом түшүп жатат. Мындан ары мындай QR-коддор борбор калаанын бардык аймактарына орнотулат", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.